Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Израил менен Сириянын чек арасында абал курчуду


Израил Сириянын чек арасындагы атышуулардан улам өз аба мейкиндигинин басымдуу бөлүгүн жапты. Бул тууралуу израилдик маалымат каражаттары кабарлады. Тель-Авивдеги борбордук Давид Бен-Гурион аэропортунда айрым каттамдар токтоду.

Израил армиясынын өкүлү Сириянын аймагында 12 сокку урулганын Твиттерге жазды. Анда Сириянын абадан коргонуу күчтөрүнүн үч, Ирандын төрт объектиси бутага алынган.

Жакын арада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Авигдор Либерман Сирия менен чек арадагы абал боюнча чукул жыйын өткөрөрү кабарланды.

Израил менен Сириянын чек арасындагы кырдаал ишемби күнү таңга маал курчуган. Анда Израилдин аймагына Сириядан учурулган Ирандын учкучсуз учагы кирип келген. Ал атып түшүрүлүп, андан соң Израил дрон учурулган Сириянын аймагындагы борборго сокку урган.

Дал ушул учурда Сириянын ракетага каршы коргонуу күчтөрү Израилдин учагын атып түшүргөн.

Эки өлкө "аймактык эгемендикке кол салды" деп бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG