Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 18:23

Аксыда жеңил автоунаа төрт адамды коюп кетти


Аксы

Аксы районунун Кербен шаарында жол кырсыгынан эки адам каза болуп, эки адам жараат алды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечки саат алты жарым чамасында шаардын көчөлөрүнүн биринен жеңил автоунаа төрт жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

Кырсыктан эки адам дароо мерт болгон. 30 жана 35 жаштагы эки жүргүнчү оор абалда райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Коюп кеткен автоунаанын айдоочусу милиция кызматкери экени кабарланды. Бул боюнча учурда Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

Учурда кырсыкка учураган автоунаанын айдоочусу кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG