Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Жалал-Абад: айдоочулук күбөлүк берген кызматкерлерге иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзамсыз жол менен айдоочулук күбөлүк берген Ноокен райондук транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер мурда жол кырсыгына күнөөлүү деп шарттуу кесилип, автоунаа башкаруу укугунан ажыратылган жаранга мыйзамсыз түрдө күбөлүк беришкен.

Мындан тышкары Шамалды-Сайдагы кесиптик лицейдин жетекчилигине да кылмыш иш козголду. Аталган лицейдин жетекчиси билим берүүгө укук берген күбөлүгү өтүп кеткенине карабай, 33 адамга айдоочулук күбөлүк тапшырган.

Учурда кылмыш иштери тергелип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG