Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

БУУнун баш катчысы Сириядагы акыркы кырдаалды жөнгө салууга чакырды


Антониу Гутерреш
Антониу Гутерреш

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Сириядагы акыркы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, абалды тезинен жөнгө салууга чакырды.

Мындай чакырыкты баш катчы Израилдин аба күчтөрү Сирияга бир нече сокку ургандан кийин жасады.

БУУнун маалымат катчысы Стефан Дужарик билдиргендей, баш катчы Гутерреш Сириядагы акыркы абалга көз салып жатат жана бардык тараптарды эл аралык укуктун негизинде ар кандай зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн аракет көрүшү керек деп эсептейт.

Израил Сириянын абадан коргонуу системасына бир нече жолу абадан сокку урду. Мындай кырдаал ишемби күнү Израилдин учагын Сирия күчтөрү атып түшүргөндөн кийин жаралган.

XS
SM
MD
LG