Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Кышкы Олимпиадада Германия курамасы алдыда


Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарындагы кышкы Олимп оюндарынын экинчи күнү медалдардын саны боюнча Германиянын курамасы алдыга чыкты.

Немис спортчулары эки алтын медал алууга жетишти. Андан соң Нидерланддардын спортчулары бир алтын, эки күмүш, бир коло медалга ээ болду.

Үчүнчү орунда Түштүк Корея, АКШ жана Швеция курама командалары келе жатат. Алардын эсебинде бирден алтын медал бар.

Мындан сырткары Норвегия, Чехия, Финляндия, Канада жана Олимпиада комитетинин туусу астында чыгууга мажбур болгон орус спортчулардын капчыгына медалдар түштү.

Кышкы олимп оюндары 9-февралда расмий башталган.

Кыргызстандын атынан бул оюндарга Тариел Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев катышууда.

XS
SM
MD
LG