Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Ирандын түрмөсүндө активист каза болгону кабарланды


Иран
Иран

Окумуштуу жана экологиялык активист Кавус Сеид-Эмами Тегерандагы түрмөдө каза болгону кабарланды.

63 жаштагы активисттин каза болгону тууралуу кабарды анын жубайы 9-февралда алган. Ал абакта өз жанын кыйганы кабарланууда.

Нью-Йорктогу адам укугу боюнча борбор 11-февралда Кавус Сеид- Эмаминин каза болгону тууралуу маалыматты ырастады.

Активист 24-январда Иранда кармалып, Тегерандагы абактардын бирине камалган. Ал акыркы жылдары АКШда иштеп, Ирандагы сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо жаатында иш алып барган фондду башкарып келген.

Ага чейин Тегеран университетинде социология боюнча дарс окуган.

Иран бийликтери Эмаминин кармалганы жөнүндө да, каза болгону жөнүндө эч кандай маалымат беришкен жок.

Кавус Сеид-Эмами Ирандын жана Канаданын жараны болгон. Буга байланыштуу Канаданын Тышкы иштер министрлиги анын өлүмүнүн жагдайын иликтерин билдирди.

XS
SM
MD
LG