Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Мамлекеттик карыз бир айда 86 миллион долларга көбөйдү


Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2017-жылдын 31-декабрына карата 4 миллиард 530 миллион доллар же 311 миллиард 846 миллион сомду түздү.

Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, карыздын 4 миллиард 80 миллион доллары тышкы, ал эми 449 миллион доллары ички карыз болуп саналат.

Финансы министрлигинин 30-ноябрга карата берген маалыматына салыштырганда, бир айда өлкөнүн мамлекеттик карызы 86 миллион долларга көбөйгөнүн көрүүгө болот. Анын ичинен тышкы карыз 65 миллион долларга өссө, ички карыз 15 миллион доллардан ашык көбөйгөн.

Ноябрь айында мамлекеттик карыз 4 миллиард 444 миллион долларды же 309 миллиард 971 миллион сомду түзгөнү кабарланган.

Кыргызстан карыздын көбүн Кытайдан алган. Бул өлкөгө жалпы карыздын 42 пайызы туура келет.

Көп тараптуу насыялардын ичинен биринчи орунда Дүйнөлүк банктын курамына кирген Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан алынган насыялар турат.

2018-жылы карыздарды төлөөгө бюджеттен 25 миллиард сомдон ашык каражат каралган.

Кыргыз өкмөтү тышкы карызга алынган каражаттар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалып жатканын айтып, бул үчүн тынчсызданууга негиз жоктугун билдирип келет.(BkA)

Тышкы карыздын көбү Кытайга төлөнөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG