Премьер-министр Сапар Исаков Дубайда өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолукту.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү жолдору талкууланган.
Исаков Кыргызстан Индия менен саламаттык сактоо жана туризм жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирген.
Сапар Исаков Дубайга өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн барган. Сапар алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин ханзаадасы баш болгон жетекчилер менен жолугары кабарланган.(BkA)