“Саратов аба жолдору” компаниясына таандык учак Москванын четиндеги Аргунова кыштагына жакын жерге кулады.
Аталган учак Домодедово аэропортунан Орск шаарына сапар алган. “Интерфакс” агенттигинин өз булактарына таянып жазышынча, Ан -148 үлгүсүндөгү учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.
“Экипаж жана жүргүнчүлөрдүн аман калышы мүмкүн эмес”, - деп билдирген куткаруу кызматынын өкүлү маалымат агенттикке.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда