Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Баткенде кургатылган өрүктүн баасы 500 сомго чыкты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Баткендеги “Алыш-Дан” биокооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай баада өрүктүн баргек деп аталган, органикалык жол менен кургатылган түрү сатылып жатат:

- Мунун сыры - багбан өрүктү кургатуунун, туура сактоонун жолун билгендигинде жатат. Өрүктүн сапаты да, көрүнүшү да кардарды тартып тургудай болуп кургатылган. Ошондуктан аймактагы бардык багбандар өрүктү органикалык жол менен туура кургатууну үйрөнсө, Баткенде ар бир фермер жакшы киреше алууга шарт түзүлөт.

Баткен облусунда он миң гектардан ашуун өрүкзар бар.

«М-Вектор» консалтинг компаниясы 2016-жылы жүргүзгөн иликтөөсүндө Кыргызстанда өстүрүлүп, кургатылган өрүктүн дээрлик 85% Тажикстанга арзан баада чыгарылып кетерин белгилеген. Ал жактан өрүк сорттолуп, кооз баштыкчаларга салынып, Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө кымбат сатылат. (MN)

Баткендик багбандын Европага жетүү кыялы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

XS
SM
MD
LG