Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:10

Жорж Сорос Брекситке каршыларды колдой турганын билдирди


Жорж Соростун сүрөтү. Венгрия, 11-июль, 2017-жыл.
Жорж Соростун сүрөтү. Венгрия, 11-июль, 2017-жыл.

87 жаштагы америкалык миллиардер Британиянын Евробиримдиктен чыгышына каршы "Британия үчүн мыкты (жол)" ("Best for Britain") өнөктүгүн каржылаганы үчүн сыймыктанаарын билдирди.

Соростун сөзү боюнча, бул өнөктүккө филантроп 400 миң фунтка жакын акча бөлгөн.

Жорж Сорос Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө чечими "трагедиялуу ката жана өлкөнүн өзүнө зыяны тиет" деп эсептейт.

Соросту "анти-Брексит" өнөктүгүн кызуу колдогону үчүн сындагандар көбөйдү. Ага карата айтылган сындардын ичинде антисемиттик маанай күч. Бул өзгөчө Орусиянын жана Венгриянын бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү экенин "Gardian" басылмасы жазды.

XS
SM
MD
LG