Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Ошто энеси урган бала чарчап калды


Токмок жеген бала.
Токмок жеген бала.

Ош шаарында апасы сабап, оор абалда ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы Бексултан чарчап калганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Ал 2 жаш 8 айлык уулу “тепкичтен кулап кеткенин" айткан.

Догдурлар текшергенде наристенин денесинде көгала тактар болгон, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласын депкир менен сабаганын мойнуна алган.

Келинге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG