Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы “Фламинго” пансионатынын короосунда жайгашкан коттеж 10-февралда өрттөнгөн.
Анын 120 чарчы метр аянты күйүп, Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургуну каза болгон. Өрттүн себеби белгисиз. Иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
7-январда Ысык-Көлдөгү Бостери айылында «Осьминог» рестораны толугу менен күйүп кеткен. Анын ээси буга жергиликтүү кылмыш тобун айыптаган. Милиция "өрт газ баллондун жарылуусунан келип чыккан" деген божомол бар экенин билдирген. (NT)