Кыргызстанда 12-февралдан 14-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
13-февралда Алай өрөөнүнүн чыгышында жана Кумтөр капчыгайында бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14;
Суусамырда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн-2…-7, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11.
Бишкекте 13-февралда жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 11…13 градуска чейин жогорулайт.