Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Бишкекте үч жылда алты көчө шыпыргыч жол кырсыгында каза болду


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы үч жылда Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасында иштеген алты көчө шыпыргыч машине сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00 чамасында Абдрахманов жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун четин шыпырып жүргөн жумушчуну "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. "Тез жардам" чакырылып, маркум ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу кармалып, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG