Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Пакистанда таанымал укук коргоочу көз жумду


Асма Жахангир.
Асма Жахангир.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Асма Жахангирди “адам укугун коргоочулардын алпы” деп атады.

БУУнун баш катчысы өз билдирүүсүндө демократияны жактаган активист "бардык адамдардын ажырагыс укуктарынын жана теңдигинин талыкпас коргоочусу” болгонун да эске салды.

Пакистандын өзүндө гезиттердин башкы беттери бүгүн Асма Жахангирдин жаркын элесине арналган макалалар, сүрөттөр менен жарык көрдү.

Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси маркум мыйзам үстөмдүгүнүн орношуна, демократияга, адам укуктарынын сакталышына салым кошконун белгиледи.

Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясын негиздегендердин бири, 2005-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгына талапкер болгон, мурда БУУнун Адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы кызматында иштеген Асма Жахангир кечээ 67 жаш курагында жүрөгү кармап, Лахор шаарынын ооруканасында каза тапты.

Жахангир укук коргоочу катары өлкөнүн кубаттуу аскердик жетекчилигин жана исламчыл жоочуларды да сынга алып жүрчү.

Ал 1983-жылы генерал Зия-ул-Хактын аскердик башкаруусунун заманында түрмөгө түшсө, 2007-жылы мурдагы президент, генерал Первез Мушарафтын тушунда үй камагына отургузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG