Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Пакистанда талиб жол башчыларынын бири жок кылынды


Халид Мехсуд.
Халид Мехсуд.

“Техрик-и-Талибан Пакистан” кыймылында жол башчынын орун басары болгон Халид Мехсуд АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынан урулган соккунун натыйжасында жок кылынган. Окуя Пакистандын уруулар жашаган Түндүк Вазирстан аймагындагы Горвак кыштагында болгонун аталган кыймылдын өкүлү Азам Тарик Мехсуд ырастады.

Буга чейин Пакистандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү "Сажна" деген каймана аты бар Халид Мехсуд Ооганстандын Пакистан менен чек арага жакын Пактика провинциясында өлтүрүлгөнүн маалымдашкан.

Мехсуддун 2011-жылы Карачи шаарында аскер-деңиз базасына жасалган кол салууга, 2012-жылы Банну деген шаарда түрмөдөн ири качууну уюштурууга тиешеси бар экени айтылып келген.

Пакистандык талибдер өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнө каршы ар кандай кол салууларды жасап турушат. Исламабад АКШнын анын аймагында учкучсуз башкаруудагы дрондор менен сокку уруусуна бул өлкө суверенитетин бузгандык деп каршы чыгып жүрөт.

Былтыр августта Түштүк Азия боюнча стратегиясын жарыялаганда президент Дональд Трамп Исламабадды Ооганстанда кол салууларды жасаган террорчуларга башпаанек берүүнү улантып жатканы үчүн сынга алган. Исламабад Вашингтондун сынын четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG