Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Трамп Путинге көңүл айтты


АКШнын президенти Доналд Трамп 12-февралда Владимир Путинге телефон чалып, Москванын жанында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашы боюнча көңүл айтты. Ал кырсыктын себептерин иликтөө жагынан көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президент Трамп узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүүгө мезгил жеткенин айтканы кабарланды. Президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүп, анын ичинде Түндүк Корея маселесине да токтолушкан. Доналд Трамп Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылып, эркин аймакка айланышы маанилүү экенин белгилегенин Ак үй билдирди.

Ал эми ТАСС агенттиги сүйлөшүүдө Израил менен Палестина маселеси да талкууланганын, орус президенти "аймакта кырдаал биз баарыбыз көргүбүз келгендей эмес" деп айтканын жазды.

11-февралда Москванын чет-жакасында талкаланган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгон. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG