Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" деп аталган беш томдук китебинин бет ачары бүгүн, 13-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болот. Саат 11де өтчү жыйынга парламент депутаттары, акын-жазуучулар жана башка чыгармачыл адамдар катышат.
Бул тууралуу Садырбаев атындагы кайрымдуулук фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашты.
“Даанышман” аттуу беш томдук китеп Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан чыгарылган.
Айтылуу кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.
Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон.(ZKo)