Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Трамптын келини ак порошогу бар конверт алгандан кийин ооруканага жаткырылды


Мелани, Тиффани, Иванка жана Ванесса (оңдон биринчи) Трамп
Мелани, Тиффани, Иванка жана Ванесса (оңдон биринчи) Трамп

АКШ президентинин уулу Дональд Трамптын келинчеги Ванесса Трамп 12-февралда күйөөсүнө келген катты ачканда ичинде ак түстүү порошок бар экенин көргөн. Анын ооруканага жаткырылышы коопсуздук максатында болгону айтылууда.

Bloomberg агенттиги Ванесса Трамп конвертти ачкандан көп өтпөй, өзүн жаман сезип, жөтөлө баштаганын жана кускусу келгенин дарыгерлерге айтканын жазды. Окуя алардын Манхэттендеги үйүндө болгон.

Кийинчерээк полиция конверттеги порошок коопсуз экенин маалымдады.

Өткөн жылы күзүндө президент Трамптын уулу мамлекет башчынын үй-бүлөсүн коргоого алган Жашыруун кызматтан баш тартып, "жашоосу жабык болушун" кааларын билдирген.

Порошок салынган конверттер Трамптын үй-бүлөсүнө мурда да бир нече жолу жиберилген. 2016-жылы жазында ичинде порошогу бар, коркутуп-үркүтүүлөр жазылган конверт президенттикке талапкер Трамптын уулу Эрик Трамптын атына келген. Катта "Республикачылардын талапкери президенттик жарыштан четтебесе, балдарына "жаман болору" эскертилген. Эрик Трамптын жубайы Лара Юраска конверт ачылгандан кийин полиция чакырган.

XS
SM
MD
LG