Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Эрте никени азайтуу боюнча жыйын болот


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Балдар укугун коргоо" лигасы тарабынан уюштурулуп жаткан жыйында кыргыз өкмөтү тарабынан эрте никеге турууну азайтууга багытталып, бекитилген планды коомчулукка таратуу маселеси талкууланат.

Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Жыйын 13-февралда, Бишкекте өтөт.

Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Укук коргоочулар мыйзам толук кандуу иштебей жатканын сындап келишет. Өткөн жылдын аягында кыргыз өкмөтү эрте никеге турууну тыюу максатында бир катар министрликтерге чогуу иш алып баруу милдетин тагып, атайын план бекиткен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы жашы жете элек 800-900 кыз кош бойлуу катары медициналык каттоого турган. Ал эми жыл сайын боюна бүтүп калган 2000ге чамалуу өспүрүм кыздар абортко барышарын "Балдар укугун коргоо лигасы" маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG