Түркмөнстандын түндүк аймактарында ун тартыштыгын жергиликтүү калктын ашыкча унун конфискациялоо аркылуу жоюу жолдору караштырылып жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуздагы өз булактары кабарлашты.
"Абалдан чыгуу жолдорунун бири катары колунда бар адамдардын үйүн текшерип, ашыкча унун конфискациялоо каралууда", - деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургун.
Анын айтымында, учурда атайын көзөмөл комиссиясы жарандарга ашыкча уну конфискацияланышы мүмкүндүгү тууралуу эскертүү берүүдө.
Акыркы айларда өлкөдө ун тартыштыгы байкалып, кымбаттап жатат. Мындан улам көпчүлүк эл мүмкүн болушунча арбын ун сатып алууга өткөнү айтылууда.