Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Салимбайды Кыргызстандын "тиреги" катары сыпаттаган тасма талкууга түштү


Салимбай "байбача" деп таанылган Салим Абдувалиев.
Салимбай "байбача" деп таанылган Салим Абдувалиев.

Белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео талкууга түштү. Тасма Интернетке 12-февралда тарап, социалдык тармактын колдонуучулары андагы эки адамды "Кыргызстандын аброюна шек келтирди" деп сындашууда.

Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки киши Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыгын билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган. Баары орус тилинде сүйлөшөт.

Интернеттеги талкууларда алардын бири Ошто таасири күчтүү мурдагы аткаминер, экинчиси Жогорку Кеңештин экс-депутаты экени айтылууда.

Видео качан тартылганы белгисиз. Президенттик аппарат деле видеодо айтылган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу сөздөр боюнча үн ката элек.

Салимбай "байбача" деп таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү кримтөбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматтар чыккан.

2016-жылы оппозициячы Эрнест Карыбековго "Салим "байбачанын" оң колу Фархад Парпиев менен тымызын жолуккан" деп доомат коюлган. Ал "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен 12 жылга кесилген. (SE)

XS
SM
MD
LG