Ош облусунун Кара-Суу районунда он киши 12-февралда бешик тойго баргандан кийин алардан уулануунун белгилери байкалган. Алардын төртөө 2015-жылы туулган наристелер. Жабыркагандар ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова "Азаттыкка" билдирди:
- Баарынын тең абалы орто. Төрт бала тең райондук балдар ооруканасына жиберилген. Ал эми алты киши аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Кошумча маалымат берилет. Анткени башка да кайрылгандар бар. Азыр уулануунун себептери териштирилип жатат.
Жылдыз Айгерчинова кошумчалагандай, ооруканада жаткандарга "тамак-аштан ууланган" деген диагноз коюлду. Алар эмнеден ууланганы анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. (NT)