Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

Футбол: Кыргызстан менен Мьянма Инчхондо беттешет


Кыргызстандык футбол күйөрмандары.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары.

Кыргызстан менен Мьянманын 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарындагы беттеши 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады.

Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын мурда болбой калган беттешин "Инчхон" стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Тиешелүү чечимди тастыктаган кат 12-февралда федерацияга келген.

Конфедерациянын дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, стадиондун ижара акысын, оюнду уюштуруу иштерин, эки команданын жол киресин жана жатаканасын Кыргызстандын футбол федерациясы көтөрөт. Оюн өтө турган стадионго 20890 көрүүчү батат.

Кыргызстан менен Мьянманын командаларынын 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек. Оюн коопсуздук маселелесинен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Буга Мьянмадагы диний жаңжал себеп болгон.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан А тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 29-мартында аяктайт.

Учурда Кыргызстан өз тайпасында жети упай менен экинчи катарда. 12 упай менен Индия курама командасы көч башында келатат. Мьянмалыктарда төрт упай бар.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Катарда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG