Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:14

14-февралдагы аба ырайы


Бишкек.

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, ушул күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар.

14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкөнүн бүт аймагында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...13 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн 0...-2, күндүз 2...4 градус болот.

XS
SM
MD
LG