Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Президент күч кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүүнү тапшырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүү зарыл экенин белгиледи. Мындай пикирин ал 13-февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен коррупцияга каршы күрөш боюнча алдыдагы иштерди талкуулаган жыйында айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында 8-февралда болгон Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыктары, сунуштар жана чечимдер талкууланды.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына буга чейин негизсиз токтотулуп турган жана жабылган кылмыш иштерин иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

8-февралдагы жыйында Сооронбай Жээнбеков УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин билдирген жана күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG