Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" аттуу беш томдук китеби чыкты


Дооронбек Садырбаевдин китеби.
Дооронбек Садырбаевдин китеби.

Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" деген беш томдук китебинин бет ачары 13-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду. Китепти Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарды. Жыйынга коомдук жана саясий ишмерлер катышты.

Айтылуу кинорежиссёр, акын жана жазуучу, коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон. (ZA)

XS
SM
MD
LG