Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Мемориал" Титиевди саясий туткун катары тааныды


"Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүн башчысы Оюб Титиев. "Мемориалдын" сүрөтү.
"Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүн башчысы Оюб Титиев. "Мемориалдын" сүрөтү.

"Мемориал" укук коргоо борбору уюмдун Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, камактагы Оюб Титиевди саясий туткун катары тааныды.

13-февралда таратылган билдирүүдө Титиев мыйзамсыз камалганы белгиленип, муну менен чечен бийлиги анын коомдук ишмердигин токтотууну көздөгөнү жазылган.

Уюм буга чейин да республиканын жетекчилиги укук коргоо уюмдарынын дарегине жагымсыз пикирлерди айтып келгенин баса белгилейт.

Мисал катары Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун билдирүүсү келтирилген. Анда Кадыров укук коргоочуларды "эл душмандары" деп атап, ал эми Титиевдин өзүн "баңги" деген.

Ошондой эле билдирүүдө Титиевдин адвокатынын артынан аңдуу жүрүп жатканы жана ишти иликтөөдө мыйзам бузуу учурлары катталганы жазылган.

Чеченстандагы "Мемориалдын" башчысы Оюб Титиев 9-январда кармалып, "мыйзамсыз баңгизат сактаган" деген кине менен эки айга камакка алынган.

Укук коргоочу өзү ага каршы козголгон ишти ойлоп табышканын, ал эми баңгизатты машинесине полициячылар салып койгонун айтууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын бийликтерин Титиевди бошотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG