Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Кышкы олимпиада: Жаркымбаев 79 спортчунун ичинен 78-орунду алды

Тариэль Жаркымбаев ортодо туу көтөрүп баратат. Кышкы Олимп оюндарынын ачылышы. 9-февраль, 2018-жыл.
Тариэль Жаркымбаев ортодо туу көтөрүп баратат. Кышкы Олимп оюндарынын ачылышы. 9-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандык лыжа тебүүчү Тариэль Жаркымбаев Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада мелдештеринде эркектер арасында 78-орунду ээледи. 

Олимпиаданын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 13-февралдагы таймашта 80 спортчу күч сынашты. Бирок бир кытайлык спортчу оюндан чыгарылып, орундар 79 лыжачынын арасында эсептелди. 

Спортчулар 1,4 чакырымга лыжа тээп, Жаркымбаев аралыкты 4 мүнөт, 5,99 секундада өткөн. 

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында 9-февралда башталган Олимп оюндары 25-февралда соңуна чыгат. 

Кыргызстандык дагы бир спортчу Евгений Тимофеев 18-февралда тоо лыжасы боюнча күч сынашат. 

XS
SM
MD
LG