Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Швецияда террорчулукка шектелген өзбекстандыктын соту башталды


Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов.
Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов.

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду деп айыпталып жаткан Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун соту башталды. Прокуратура соттон аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып жатат. Акилов кийинки аптада өз көрсөтмөлөрүн берет. Соттук угуулардын акыркысы 9-майга белгиленген. Соттун өкүмү жай башында чыгарылары күтүлүп жатат.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG