Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:16

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн ишкерлиги чектелет


Иллюстрациялык сүрөт.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет элдик ишканалардын баалуу кагаздарын, акцияларын жана уставдык капиталдагы үлүштөрүн сатып алууга тыюу салынат. Мындай тыюуну мыйзамдык жактан камсыз кылууну президент Жээнбеков 13-февралда кол койгон чечими менен Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү органдарга тапшырды.

Чечимде жогоруда сөз болгон органдардын кызматкерлери өкмөт тарабынан гана аныкталган банктарда эсеп ачууга милдеттендирилет. Алардын кызматтык китепчесине 200 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммадагы жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык сатып алган соода-сатыгын каттоо, алардын накталай сатып алгандарын 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин чектөө коюлууга тийиш. Президенттин тапшырмасына ылайык, бул талаптарды бузган кызматкерлерди ишенимди жоготконуна байланыштуу ээлеген кызматынан токтоосуз бошотууну караган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынышы зарыл.

Мындан тышкары сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү банктык, салыктык, бажылык купуя сырларды түзүүчү маалыматтарды ачып берүүгө, киреше жана чыгаша декларацияларын так көрсөтүүгө милдеттендирилет.

Чечимге ылайык, 1-октябрга чейин парламент башка мамлекеттик органдар менен кошо ушул милдеттердин аткарылышын камсыз кылышы керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда "Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар" тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG