Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Президент: Коррупция камак менен гана жазаланышы керек


Президент Жээнбеков 13-февралда кол койгон чечими менен Жогорку сотко ушундай сунуш жиберди. Мамлекет башчы соттор тарабынан жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде кызматтык кылмыштар, ошондой эле коррупция жана мамлекеттик, муниципалдык менчикти ири өлчөмдө уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгондорду эркинен ажыратуу менен гана жазалоону сунуштады. Ал ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыпталган сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери сот өндүрүшү бүткүчө камакка алынууга, алардын үй-мүлкү конфискацияланууга тийиш деп белгилейт.

Президент Жээнбековдун тапшырмасы менен 1-июлга чейинки мөөнөттө кызматтык жана экономикалык кылмыштар, менчикти уурдоо чөйрөсүндөгү кылмыш иштери боюнча соттор чыгарган актоо өкүмдөрү Жогорку соттун Пленумунда каралат. Кылмыш иштери кыскартылган же айыпталуучу акталган чечимдерге мамлекеттик айыптоо жооп кайтарбаган фактыларга Башкы прокуратура укуктук баа берет.
Бул категориялар боюнча кылмыш иштерин караган судьялардын мыйзам бузуу фактыларын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы карайт. Мындай талаптар президент Жээнбеков кол койгон чечимде камтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда "Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар" тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG