Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Саакашвили: мыйзамдуу жолдор менен Украинага кайтам


Грузин-украин саясатчысы Михаил Саакашвили. Варшава. 13-февраль, 2018-жыл.
Грузин-украин саясатчысы Михаил Саакашвили. Варшава. 13-февраль, 2018-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөрдүн кыймылы" оппозициячыл кыймылынын лидери Михаил Саакашвили Польшадан баш паанек сурабай турганын жана Украинага мыйзамдуу жолдор менен кайтууну көздөп жатканын айтты. 13-февралда Варшавада өткөргөн маалымат жыйында ал Украинанын жараны экенин баса белгиледи.

Саакашвили Украинадан депортацияланганы үчүн өлкө президенти Петро Порошенкону айыптады. Саясатчынын айтымында, Порошенко өлкөнү бөлүп-жарып, коррупцияга каршы күрөшкөн адамдардан арылгысы келет.

Саакашвилини 12-февралдын кечинде ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Көп өтпөй Украинанын Чек ара кызматы "ал өзү келген өлкөгө" жеткирилгенин жарыялады.

Соңку окуя украин соту Грузиянын мурдагы президентинин ыктымал экстрадициядан коргонуу боюнча апелляциялык арызын четке каккандан бир жумадан кийин болду.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG