Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

"Пионер" кинотеатры "Сталиндин диванын" көрсөткөнү үчүн айып төлөйт


"Сталиндин диваны" тасмасында башкы ролду орус жараны Жерар Депардье ойногон
"Сталиндин диваны" тасмасында башкы ролду орус жараны Жерар Депардье ойногон

Москванын тынчтык сотунун 13-февралдагы чечими менен кинотеатр 26-январда Францияда тартылган "Сталиндин диваны" тасмасын прокат күбөлүгүсүз көрсөтүү менен кинематография мыйзамдарын бузду деп табылды. Бул үчүн кинотеатр 80 миң рубль айып төлөйт. Сот бул маселени Орусиянын Маданият министрлигинин өтүнүчү менен караган.

"Ведомости" жазганы боюнча, министрлик бул тасмага советтик жолбашчы тууралуу башка бир тасмадан улам көңүл бурган. Орус бийлиги британиялык кинорежиссердун "Сталиндин өлүмү" деп аталган тасмасын көрсөтүүгө тыюу салган. "Пионер" кинотеатры бул тыюуга карабай, 25-27-январь күндөрү тасманы беш жолу көрсөтүүгө жетишкен. Кинотеатрга прокуратура, полиция жана тергөө комитетинин кызматкерлери келип, текшерүү жүргүзгөндөн кийин кинотеатр фильмди токтотууга мажбур болгон.

Орусияда лицензиясы жок тасманы көрсөткөндөргө 100 миң рубль же 1 миң 800 доллар айып салынат. Экинчи эскертүү бузулса, кинотеатрды жабууга чейин жаза каралган.

23-январда министрлик шотландиялык режиссер Армандо Иануччинин комедиясын көргөзүүгө берген уруксатын кайра чакыртып алган. Бир катар белгилүү ишмерлер, анын ичинде режиссер Никита Михалков фильмди көргөзбөөнү өтүнгөн кайрылууга кол коюшкан.

Бет ачары былтыр Лондондо өткөн сатиралык тасмада 1953-жылы Сталиндин өлүмүнөн кийин СССРде болгон окуялар, бийлик талашуу баяндалган.

XS
SM
MD
LG