Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:21

Казакстанда жолдо калган 55 өзбек мигранты куткарылды


Павлодарда полиция кызматкерлери облус борборуна жетпей жолдо бузулуп калган автобустун жүргүнчүлөрүнө жардам берди.

Салондо Өзбекстандын 55 жараны болгон. Алар Орусияга баратышкан. Патрулдук полиция кызматкерлери автобусту Достук айылынын жанынан табышкан. Алар жүргүнчүлөрдү кыштактагы мектепке жеткирип, ысык тамак менен камсыздашкан. Полициячылар Өзбекстан жарандарын башка автобус менен Орусия чек арасына чейин жеткиришкен.

Жыл башынан бери Павлодар жолдорунда ушуну менен үчүнчү жолу эмгек мигранттары бараткан автобус бузулду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG