Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:39

Абакта ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыгышты


Нааразылык акция Жогорку Кеңештин алдында өтүп жатат.

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары, жакындары Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Алар президенттен жана соттордон бул саясатчыларга көңүл бурууга жана алардын ишин калыс кароого үндөп жатышат. Чогулгандар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылууда.

Акцияга чыккан 20-30 кишинин арасында укук коргоочулар, активисттер да бар.

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.

Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын "Азаттыкка" 13-февралда билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган. (ErN)

Ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG