Кыргызстанда маалыматтык мейкиндикке үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүш үчүн мамлекеттик орган керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков парламент жыйынында айтып чыкты. Депутат башка өлкөлөрдө Интернет көзөмөлдөнөрүн мисал кылып, мындай аракеттер Кыргызстанда да болушу керек деген пикирин билдирди:
- АКШ менен Улуу Британияда маалымат мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турат. Социалдык тармактардагы посттор үчүн иш жүзүндө жазаларды караган мыйзамдар бар. Анонимдүү пост жаза албайсың. Муну Казакстанда киргизип жатат. Мындан коркпой, биздин мамлекет да аракет кылышы керек. Маалымат, Интернет мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп туруш керек. Бүгүн "муну ким кылат" деген суроого жооп бере албай жатышат. Себеби, өкмөттө мындай орган жок, - деди Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулады. Анда Интернеттеги аракты жана тамекинин жарнамалоого чектөө каралган.
Талкуунун жүрүшүндө көпчүлүк депутаттар өлкөдөгү интернет-ресурстардагы маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча маселе көтөрүп чыгышты.
Негизи кыргыз парламентинде Интернетти көзөмөлгө алуу боюнча демилгелер маал-маалы менен көтөрүлө калып жүрөт. Буга чейин бийликтеги КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов да социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган. Ошондой эле демилге дагы бир социал-демократ Дастан Бекешовдун социалдык тармактарга жазган пикирди төгүндөөнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам долбоору талкууга түшүп жаткан учурга туш келди.
Бийлик органдары Интернетти тескөө боюнча мыйзам иштеп чыгып, саясий чечим кабыл алган күндө да техникалык жактан аны ишке ашыруу кыйын болорун адистер белгилеп келишет. Атуулдук коомдун өкүлдөрү болсо мындай кадам өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет деп баалашууда. (BkA)