Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Ысык-Көлдө автоунаа май куюучу жайды сүзүп алды


Авария болгон жерден тартылган сүрөт.
Авария болгон жерден тартылган сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Мерседес Бенц” автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай май куюучу жайды сүзүп алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуя райондун Теплоключенка айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндө болгон. Автоунаа “Жеңиш-Ата” май куюучу бекетинин колонкасын сүзгөн.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №39 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, өрт чыгып кетпеш үчүн коопсуздук иштерин жүргүзүшкөн. Бактыга жараша жалын тутанган эмес, жабыркагандар жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG