Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Казакстанда суукта жолдо калган кыргызстандыктар куткарылды

Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстанда автобус бузулуп, түнү жолдо калган жети кыргызстандык куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 14-февралга караган түнү Самара-Шымкент жолунун 1101-чакырымында Бишкектен Самарага бараткан кичиавтобус бузулуп калганы тууралуу аталган мекемеге кабар түшкөн. Транспортто сегиз адам болгон, алардын жетөө Кыргызстандын, бирөө Өзбекстандын жараны.

Түнкү саат 03:20 чамасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети "Калыбай" пунктунун куткаруучулары жүргүнчүлөргө жетип, ошол жерден алып кеткен. Алар жылуу жайга жеткирилип, үчөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG