Бишкек шаарындагы батирлердин биринде мыйзамсыз зоопарк иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу борбор шаардын милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, "102" кызматына жеке үйлөрдүн биринде эрди-катын урушуп, башкаларга тоскоолдук кылып жатканы тууралуу арыз түшкөн. Мобилдик батальондун кызматкерлери жерине барып, урушкандарды тартипке салган. Чыгып баратып ошол жерде жашагандардын колунда ителги турганын көрүп калышкан. Милиция кызматкерлери аны менен чогуу кирип, үйдүн ичинде чакан зоопарк бар экенин көрүшкөн.
Жеке батирдеги зоопаркта ителгиден сырткары жыландар, канаттуулар, чычкандар, кирпи жана башка жаныбарлар кармалып турганы аныкталган.
Факты боюнча маалыматтар топтолуп, жаныбарлар мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясына өткөрүлүп берилген. Иштин жагдайлары иликтенүүдө. (ErN)