Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Нью-Йоркто жардыруу жасаган киши жазага тартылды


Ахмад Хан Рахами сотто. 15-май, 2017-жыл.
Ахмад Хан Рахами сотто. 15-май, 2017-жыл.

Манхэттен округдук соту 30 жаштагы Ахмад Хан Рахамини "Нью-Йорктун Челси районунда жардыруу жасаган" деп айыптап, эки жолу өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Ал окуяда 30 киши жарадар болгон. Экинчи бомба жарылбай калган.

Ооганстанда туулган Рахами - АКШнын жараны, Нью-Жерсиде өскөн.

Ага "коомдук жайга бомба коюп, массалык жок кылуучу куралды колдонгон" деген негизде сегиз пункт боюнча айып тагылган.

Округдук судья Ричард Берман айыпталуучу сотто жазасын жумшарта турган эч кандай жүйө келтирбегенин билдирди.

Рахами 2016-жылдын 17-сентябрда Нью-Жерсидеги үйүнөн колго жасалган бир нече бомбаны алып чыгып кеткен. Тергөөнүн материалдары боюнча Нью-Жерсиде марафон өтчү жерге бир бомба койгон. Ал жарыш башта электе жарылып, эч ким жабыркаган эмес.

Ошондой эле Нью-Жерсинин темир жол станциясындагы таштанды салынган челекке да бомба таштаган.

Челсидеги жардыруудан кийин полиция жарылбай калган бомбада калган колдун тагы менен Рахимини издеп тапкан.

Ал 19-сентябрда Нью-Жерсинин Линден шаарчасында полицияга каршылык көрсөтүп жатып кармалган.

Рахимиге Нью-Жерсинин соту дагы айып тагат.

XS
SM
MD
LG