Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстанда 20 гана мадыл калды


Кочкордо табылган мадыл кайра тоого кое берилген. 2016-жыл.
Кочкордо табылган мадыл кайра тоого кое берилген. 2016-жыл.

Кыргызстанда 20 баш гана мадыл (жапайы мышык) калды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирди. Бирок мекеме былтыр канча мадыл болгонун жазган жок.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги былтыркы эсеп менен Кыргызстанда 34 миң 443 тоо теке, 1 миң 207 каман, 3 миң 832 элик, 26 миң 728 улар, 19 миң 656 кыргоол, 17 миң 558 кекилик-чил бар экени аныкталган.

Ал эми "Кызыл китепке" кирген жаныбарлардан 313 бугу-марал, 1 миң 34 сүлөөсүн, 199 аюу, 20 мадыл, 436 бүркүт, 195 тоодак, 434 суусар, 12 миң 628 “Марко поло” аркарлары, 4 миң 13 "Тянь-Шань" аркарлары саналган.

Былтыр 18-июнда өкмөт киргизген жобого ылайык, илбирс аткандар 1,5 млн. сом, аюу менен аркар аткандар 1 млн. сом, эчки-теке аткандар 100 миң жана элик аткандар 50 миң сом айыппул төлөйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG