Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

15-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, ушул күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар.

15-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып калышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус болот.

15-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° жылуу болушу күтүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG