Сириядагы АКШнын аба соккусунан өлдү делген үч орусиялыктын ат-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Conflict Intelligence Team иликтөө тобу топтогон.
Жарыяланган маалыматта Нижний Новгороддун тургуну Алексей Шихов каза тапканы айтылат. Ал ага чейин Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга катышкан. "Русь Триединая" патриоттук тобунун Владимир ("Апостол" лакап аты бар) деген мүчөсү жана Свердлов облусунун тургуну Руслан Гаврилов дагы Сирияда өлгөнү белгилүү болду.
Жума башында Conflict Intelligence Team жана “Медиазона” порталы беш орусиялыктын аты-жөнүн жарыялаган. Алар “Вагнердин жеке аскерий компаниясы” (ЧВК) деген топто кызмат өтөгөндөр деп боолголонот.
7-февралда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында америкалыктардын аба соккусунан өкмөттүк күчтөрдүн тарабында согушкан 200дөй куралчан адам жок кылынган. Вагнердин тобунан өлгөндөрдүн саны жүздөн ашуун деп айтылат.
Пентагон ошол аба соккулар учурунда жок кылынды делген 100дөй адам ким экендигин тактоодон баш тарткан эле.
Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы АКШнын аба соккусунан орусиялыктар набыт кеткенин жокко чыгарды. Кремл Сириянын аймагындагы жалданган адамдарга орус бийликтеринин тиешеси жоктугун билдирип келе жатат.