Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ачкачылык кармагандар боюнча акцияга чыккандар тарады


Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтарынын митинги. 14-февраль, 2018-жыл.
Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтарынын митинги. 14-февраль, 2018-жыл.

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтарынын Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык акциясы түштөн кийин тарады. Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди.

Акцияга чыккан 20-30 киши бүгүн президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышты:

- Биз бүгүн кечке президенттик администрациядан бирөө-жарым чыгышын күтүп турдук. Бирок эч ким чыккан жок. Биздин талап ошол эле - УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматынан кетсин, бандиттик системаны курганы үчүн мыйзам чегинде жооп берсин. Ал эми абакта ачкачылык жарыялап жаткан саясатчылардын абалы тууралуу көз каранды эмес комиссия түзүп, бизге алардын чыныгы абалы тууралуу маалымат берилишин талап кылып жатабыз.

Аргынбаевдин айтымында, алар эртең 15-февралда саясатчылар кармалып турган абактын алдына чогулушат жана Асановдун, Кадыровдун апаларын, Карыбековдун аялын абакка киргизүүнү талап кылышат. Саясатчылардын жакындары кирип алардан ачкачылык акциясын токтотууну суранышат.

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.

Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын "Азаттыкка" 13-февралда билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG