Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Одесса шаарынын мэри Киев аэропортунда кармалды


Геннадий Труханов (ортодо), 7-апрель, 2016-жыл.
Геннадий Труханов (ортодо), 7-апрель, 2016-жыл.

Одессанын мэри Геннадий Труханов Варшавадан учуп келген жеринен кармалды. Чек арачылар аны Украинанын Коррупцияга каршы бюросунун кызматкерлерине өткөрүп беришкенин «Украинская правда» гезити жазды.

Гезитке чыккан маалыматка караганда Труханов - бюджеттик акчаны сарамжалсыз пайдаланууга байланыштуу ачылган иште шектүү катары каралган төрт кишинин бири. Прокуратуранын версиясында алар «Краян» заводун жеке колдон өтө кымбат сатып алып, Одесса шаарынын бюджетине чыгым тарттырышкан. Ошондой эле жетекчилер жол оңдогонго көп акча жумшашкан.

13-февралда тергөөчүлөр Трухановдун кайда жүргөнүн издеп жатышканын айтышкан. Бир жарым айдан бери мэрдин кайда жүргөнү белгисиз болчу. Одесса шаарынын жетекчилиги мэр тергөөгө катышуу үчүн атайын келгенин белгилейт. Труханов жана Коррупцияга каршы бюро азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG