Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Пономарёв: Путин Крымды Януковичтин катына чейин эле каратып алууну чечкен


Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Илья Пономарев, 21-июнь, 2013-жыл.
Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Илья Пономарев, 21-июнь, 2013-жыл.

Орусия өз армиясын Крымга 2014-жылы Орусияга качкан экс-президент Виктор Януковичтин катына чейин эле киргизген. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Илья Пономарёв шаршембиде Януковичтин ишин караган Киевдеги сотто айтты.

Мурдагы депутаттын айтканына караганда, Путин Крымды аннексиялоо жөнүндө чечимди 2014-жылдын 22-февралынан 23үнө караган түнү кабыл алган.

«22-февралда Путин Сочиде тик учмада аз жерден кырсыкка учурап кала жаздаган. Ал муну чет элдик атайын кызматтардын кол салуусундай кабыл алган. Ошол күнү Янукович Украинадан качып кеткен, бул болсо Путинге кимдир-бирөөлөр кутум уюштуруп жаткандай сезилген. 22синен 23-февралга караган түнү чукул чогулган жыйында көпчүлүк "Крымдын аннексиясы Орусиянын Баш мыйзамына каршы келет" деп каршы чыкса да Путин өз оюнан кайтпай туруп алган» - деди сотко күбө катары барган Пономарев.

XS
SM
MD
LG