Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Грузиянын экс-президенти Саакашвили Голландияга келди


Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Варшавадагы маалымат жыйынында, 13.02.2018
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Варшавадагы маалымат жыйынында, 13.02.2018

12-февралда Украинадан Польшага чыгарылган Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили шаршембиде Голландияга барды.

14-февралда Саакашвили Голландияда канча турары тууралуу суроого «Украинадагы кырдаалга жараша болот» деп жооп берди. «Бул өлкөгө кандай болсо дагы мен көп келем» деди ал голландардын улуттук NOS каналына.

Голландиянын Тышкы иштер министрлиги саясатчынын өлкө аймагына келгенин бышыктай элек.

50 жаштагы Саакашвилинин аялы Сандра Рулофс Голландиянын жараны.

12-февралда Польшанын Чек ара кызматы "Саакашвилинин жубайы Евробиримдикке кирген мамлекеттин жараны болгондуктан, Украинанын кайрылуусун кабыл алдык", - деп, саясатчынын өз аймагына келгенин түшүндүргөн.

12-февралда Саакашвилини Киевдин борборундагы ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Көп өтпөй Украинанын Чек ара кызматы "ал өзү келген өлкөгө" жеткирилгенин жарыялады.

Соңку окуя украин соту Грузиянын мурдагы президентинин ыктымал экстрадициядан коргонуу боюнча апелляциялык арызын четке каккандан бир жумадан кийин болду.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG