Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:37

Тажикстанда Рахмондун кайрылуусун укпай койгон мугалим иштен алынды


Саида Рустамова, 14.02.2018

Дүйшөмбүдөгү Малика Сабирова атындагы хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президент Рахмондун жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткени үчүн иштен айдалды.

«Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун буйругунда «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылды» - деди Саида Рустамова «Азаттык» радиосунун тажик кызматына.

«Чындыгында андай эмес. Мен залга киргенде бош орун жок экен. Башка жаман оюм жок эле. Жөн эле президенттин кайрылуусун укканга мүкүнчүлүк жок болуп калды» - деп түшүндүрдү мугалим.

Ал эми окуу жайдын директору Кенжа Иброхимов концертмейстер ишиндеги кемчиликтерден улам жумуштан алынганын билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда өлкө парламентине жылдык кайрылуусун жасаган. Коңшу өлкөнүн бардык радио жана телеканалдары аны түз ободо көрсөтүшөт.

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары аны угуп-көрүүгө милдеттүү.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG